# КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы №39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы №39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5424/edition/1202881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы №39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы (15.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61281

---

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 15-февралы ПЖ № 39 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:

- 16-пункттагы "15 мүчөдөн турат жана" сөздөр алып салынсын;

- 161-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"161. Комиссиянын ишине жетекчилик анын тең төрагалары тарабынан Комиссия белгилеген тартипте жүргүзүлөт.";

- 17-пункттагы "төрагасы" деген сөз "тең төрагалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

Тиркеме

2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ

Ниязов Ф.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын тең төрагасы;

Каптагаев Э.С. - коомдук ишмер, Комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча);

Комиссиянын мүчөлөрү:

Аттокуров Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы жардамчысы;

Муратов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү Мамлекеттик агенттиктин директору;

Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;

Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Дюшембиев Б.О. - Бишкек шаарынын вице-мэри;

Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

Адыбаев К.Ж. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Баткулов М. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Жузубалиев Т.Ж. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Казиев З. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Айдабосунова Н.И. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Биянки М. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
