Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы „2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года УП № 408 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 15-февралы ПЖ № 39 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:
- 16-пункттагы "15 мүчөдөн турат жана" сөздөр алып салынсын;
- 161-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"161. Комиссиянын ишине жетекчилик анын тең төрагалары тарабынан Комиссия белгилеген тартипте жүргүзүлөт.";
- 17-пункттагы "төрагасы" деген сөз "тең төрагалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Тиркеме
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Ниязов Ф.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын тең төрагасы;
Каптагаев Э.С. - коомдук ишмер, Комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Комиссиянын мүчөлөрү:
Аттокуров Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы жардамчысы;
Муратов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;
Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү Мамлекеттик агенттиктин директору;
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Дюшембиев Б.О. - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
Адыбаев К.Ж. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Баткулов М. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Жузубалиев Т.Ж. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Казиев З. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Айдабосунова Н.И. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Биянки М. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына…Положение · 13.07.2010 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгы менен бекитилген "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын…Положение · 21.02.2011 · № 39
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2022 · № 408
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча…Указ · 21.02.2011 · № 39 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2017-жылдын 25-январындагы ПЖ № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек…Указ · 25.01.2017 · № 11 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 408 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2022 · № 408
- КР Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча…Указ · 21.02.2011 · № 39 · Күчүн жоготкон