# КР Президентини н 2012-жылдын 8-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентини н 2012-жылдын 8-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5421/edition/443338/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентини н 2012-жылдын 8-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61278

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 8-февралы ПЖ № 36 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештерди таркатууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешине жана Балыкчы шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешине жана Кемин районунун Кемин шаарчасынын поселкалык кеңешине депутаттарды шайлоолор 2012-жылдын 25-мартына, жекшемби күнгө дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берсин;

- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун, Ош облусунун Алай районунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана Балыкчы шаарынын мэри шайлоочулардын тизмелерин топтоо, тактоо жана түзүү, шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүшсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
