Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы «Курманжан Датка» орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 8-февралы ПЖ № 35 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңеши жана Балыкчы шаардык кеңеши, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңеши жана Кемин районунун Кемин шаарчасынын поселкалык кеңеши таркатылсын.
2. Жогоруда аталган райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары:
- жогоруда аталган кеңештердин карамагындагы документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти күчөтүшсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-февралындагы № 32 "2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл…Постановление · 10.02.2012 · № 32
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон