# КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5412/edition/1017558/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы (25.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61269

---

КР Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 180 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 2-февралы ПЖ № 26 Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө Коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик бийликтин органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду мобилизациялоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" чечимине ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын тиркелген Мамлекеттик стратегиясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2012-жылдын 1-мартына чейин антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы 2012-жылдын 1-апрелине чейин жарандык контроль комитеттери жөнүндө типтүү Жобонун долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 11-мартындагы №155 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
