# КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ №66 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ №66 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5389/edition/358822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 27-декабрындагы ПЖ №66 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" жарлыгы (27.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61243

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 27-декабры ПЖ №66 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Агентствонун чогуу уюштуруучулары катары: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмеси, "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмеси аныкталсын.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
