# КР Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5352/edition/358349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61206

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 22-декабры ПЖ №29 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоолор 2012-жылдын 4-мартына, жекшемби күнгө дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берсин;

- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоочулардын тизмелерин топтоо, тактоо жана түзүү, шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүшсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
