Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 29 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 22-декабры ПЖ №29 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоолор 2012-жылдын 4-мартына, жекшемби күнгө дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоочулардын тизмелерин топтоо, тактоо жана түзүү, шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүшсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы № 48 "Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин, Тогуз-Торо районунун…Постановление · 16.03.2012 · № 48
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 28-мартындагы № 55 "2012-жылдын 4-мартында өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 28.03.2012 · № 55
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 40 "Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 13.03.2012 · № 40
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-февралындагы № 31 "Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары…Постановление · 08.02.2012 · № 31
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 11-январындагы № 8 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын…Постановление · 11.01.2012 · № 8
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 18.01.2012 · № 9
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча…Постановление · 18.01.2012 · № 10
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 39 "Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош…Постановление · 13.03.2012 · № 39
- Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 1 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышында шайланган депутаттардын ыйгарым укуктарын таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2012 · № 1
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы №11 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2012 · № 11 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №54 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.01.2012 · № 54
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон