Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 27 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 14 октября 2020 года УП № 199 "О некоторых мерах по реализации Государственной стратегии по противодействию коррупции и ликвидации ее причин в Кыргызской Республике на 2021-2024 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-10-14.
КР Президентинин 2020-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2011-жылдын 14-декабры ПЖ № 27 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө 2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн чаралар кабыл алынган. Бирок, иштеп жаткан укук коргоо системасы бийликтин жогорку эшелондорунда коррупциянын жана кызматтык кылмыштардын таркалышына каршы турууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү. Кыргыз Республикасында бир нече жолу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча программалар кабыл алынган, бирок, алар эреже катары формалдуу жана декларативдүү мүнөздө болгон. Ченемдик укуктук базанын натыйжасыздыгы кээ бир кызмат адамдары үчүн өздөрүнүн жеке же топтук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу максатында мамлекеттик кызыкчылыктарга жамынып иш кылуусу ченем болуп, алардын кызматтык абалын жеке баюу үчүн пайдаланышы адаттагы практикага айланды. Коррупция Кыргызстандын бийлик түзүмдөрүндөгү башка терс көрүнүштөр менен катар 2005-жылдын март айындагы жана 2010-жылдын апрель айындагы элдик революцияларга алып келген башкы себептердин бири болгон. Мамлекеттик башкаруу коррупцияланган чиновниктердин ишмердигинин натыйжасында өзүнүн натыйжалуулугун жоготууда. Анын кесепетинен ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун мамлекетке ишеними төмөн бойдон калып, дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброюна шек келтирилүүдө. Коррупциялык жосундардын масштабдары жана мүнөзү коомдогу туруктуулукка гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна да коркунуч келтирүүчү деңгээлге жеткендигин эске алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат (мындан ары - Антикоррупциялык кызмат) түзүлсүн.
2. Антикоррупциялык кызматтын милдети болуп саясый жана жогорку администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, укук коргоо, сот органдарында, башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштеген адамдарга, ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен финансыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциялар) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата коррупциялык кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, табуу, ошондой эле мыйзам менен аныкталган учурларда иликтөөлөр саналаары белгиленсин.
3. Антикоррупциялык кызматтын директору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Антикоррупциялык кызматтын директору Антикоррупциялык кызматтын өздүк курамын кынтыксыз кадыр-баркы менен айырмаланган жана аларга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн жетиштүү кесипкөй жөндөмдөргө ээ адамдар менен комплекттөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун артыкчылык тартибинде кароо сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти караган мыйзамды Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) бир айлык мөөнөттө:
- Антикоррупциялык кызматтын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик-укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы:
1) эки айлык мөөнөттө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн Улуттук планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин кезектеги жыйналышына кароого киргизсин;
2) эки айлык мөөнөттө мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциянын алдын-алуу жана ага каршы күрөшүүгө тиешелүү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин кезектеги жыйналышына кароого киргизсин;
3) бул Жарлыктын аткарылышына контролдукту камсыз кылсын.
9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдын 12-ноябры ПЖ № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө"Указ · 12.11.2013 · № 215 · Күчүн жоготкон
- КР 2020-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 199 "2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга карты аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясын ишке…Указ · 14.10.2020 · № 199 · Күчүн жоготкон