# КР Президентинин 2011-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 4 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 4 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5331/edition/357783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 4 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө" жарлыгы (02.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61183

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 2-декабры ПЖ № 4 Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2011-жылдын 1-декабрынан баштап:

1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаеваны төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде медициналык тейлөөнү;

2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик № 1 резиденциясында мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмесинин айдоочусу менен белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдар жана техникалык тейлөөсү менен.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган чаралардын толук көлөмүндө мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;

2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
