Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 4 «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 2-декабры ПЖ № 4 Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы 2011-жылдын 1-декабрынан баштап:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаеваны төмөнкүлөр менен камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө акчалай күтүүнү, муну менен акчалай күтүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулай тургандыгы аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланыш жана байланыштын башка түрлөрүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде медициналык тейлөөнү;
2) Кыргыз Республикасынын экс-президентине төмөнкүлөр бекитип берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик № 1 резиденциясында мамлекеттик дача өмүр бою пайдалануу укугу менен;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорт бирикмесинин айдоочусу менен белгиленген ченемге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдар жана техникалык тейлөөсү менен.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган чаралардын толук көлөмүндө мамлекеттик күзөт менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын экс-президентин Кыргыз Республикасынын аймагында аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдары менен станциялардын расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдалануу укугун камсыз кылсын;
2) республикалык бюджетте ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын карасын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.