# КР Президентинин 2011-жылдын 19-октябрындагы ПЖ № 259 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 19-октябрындагы ПЖ № 259 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5283/edition/488480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 19-октябрындагы ПЖ № 259 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (31.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61134

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ №237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 19-октябры ПЖ № 259 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердигин оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" деген бөлүгүндөгү II топтун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүндө:

"КР Президентинин КР Өкмөтүндөгү туруктуу өкүлү" позициясы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
