# КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5281/edition/1231788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы (30.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61132

---

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 18-октябры ПЖ № 257 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты уюштуруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- (КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жободо:

бүтүндөй текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 13-пункттун үчүнчү абзацындагы "Улуттук агенттиктин директору же анын орунбасары" деген сөздөр "Улуттук агенттиктин директору же статс-катчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 20-пунктта: экинчи сүйлөмдөгү "орунбасары" деген сөз "статс-катчысы" деген сөз менен алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Аттестация үч этапта өткөрүлөт: тестирлөө, жазуу тапшырмасы жана аңгемелешүү.". (КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
