# КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 256
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5280/edition/440426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (18.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61131

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 18-октябры ПЖ № 256 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык келтирүү максатында:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы № 13 "2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
