# КР Президентинин 2011-жылдын 13 -сентябрындагы № 237 "Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 13 -сентябрындагы № 237 "Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5264/edition/860996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 13 -сентябрындагы № 237 "Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө" жарлыгы (16.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61115

---

КР Президентинин 2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ N 121 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 13-сентябры ПЖ № 237 Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш түзүлсүн.

2. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
