# Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтому менен бекитилди)

- Толук аталышы: Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтому менен бекитилди)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 827
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.1998
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-6/edition/545185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.1998 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтому менен бекитилди) (16.12.1998 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6110

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтому менен бекитилди

Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ

1. Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине өткөрүп бери-

лүүчү обьекттердин тизмеси шаардын аймагында турган обьекттерди паспор- тоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди

Өткөрүп берүүнү б ийликтин жергиликтүү органдарынын буйругу менен дайындалуучу жана компетенциясына социалдык чөйрөнүн маселелери кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары же- тектөөчү комиссия ишке ашырат. Комиссиянын курамына Кыргыз Республика- сынын Маммүлк фондунун айиактык органдарынын, обьектти берүүчү бийлик- тин жергиликтүү органдарынын жана кайсы ведомствого таандык экендигине жараша анын жогорку уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле кабыл алуучу тараптан ыйгарым укук берилген жак кирет.

3. Комиссиянын ишине өткөрүлүп берилүүчү обьекттин мүлк комплекси-

нин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартуучу жана материалдык баалуулук- тарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү өз кол тамгасы менен ырастоочу кызмат адамдары түздөн-түз катышат.

4. Комиссия районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине

обьекттерди өткөрүп берүү боюнча ишти аларды өткөрүп берүү жөнүндө че- чии кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен бүткөрүүгө тийиш.

5. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча негизги жана жүгүртүү кара-

жаттарын инвентаризациялоо материалдарынын негизинде үч нускада кабыл алуу – өткөрүп берүү акты түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Маимүлк фондунун аймактык органына, бийликтин жергиликтүү органына жана өткөрүп берилүүчү обьектке бир нускадан берилет.

6. Обьектти кабыл алуу жана өткөрүп берүү боюнча иш бүткөндөн

кийин бул обьект менчигине өткөрүп берилүүчү бийликтин жергиликтүү органы бекитүүчү жаңы чарба жүргүзүүчү субьект үчүн киришүү балансы (№ 2 форма) түзүлөт.

7. Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине өткөрүлүп

берилген обьектке банкта өз эсеби бар, өз алдынча юридикалык жак катары өзүнүн ишмердигин жүзөгө ашыруу укугу берилиши мүмкүн.

8. Кыргыз Республикасынын Маммүлк фондунун аймактык органдары

обьект өткөрүлүп берилгенден кийин ошол обьект боюнча комиссия ишин бүткөн мезгилдеги абалы боюнча негизги жана жүгүртүү каражаттарын кабыл алуу өткөрүп берүү актын бекитет.

9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 23-июнундагы

"Кыргыз Республикасында районго караштуу шаарларда жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруу жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республи- касынын районго караштуу шаарларында жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө жобого ылайык районго караштуу шаар- лардын коммуналдык менчигине берилген обьекттердин ишмердигин финансы- лоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык бирикмеге бекитип берилген шаардын бюджетине түшүүчү кирешелердин булактарынан жана башка булактардан жүргүзүлөт.

№ 1 форма

БЕКИТЕМИН:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аймактык маммүлк \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_Төрагасы фондунун) 1998-жылдын "\_\_\_"\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (обьекттин аталышы, жайгашкан орду)

негизги жана жүгүртүү каражаттарын кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 1998-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_ буйругунун негизинде \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ менчигине кабыл алынуучу (өтхөрүп берилүүчү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мүлк комплексине кирүү- чү негизги жана жүгүртүү каражаттарына инвентаризация жүргүзүлдү. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мүлк комплексин кабыл алуу - өткөрүп берүү мезгилинде инвентаризация актына ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сомду, анын ичинде негизги каражаттар \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сомду, жүгүртүү каражаттары \_\_\_\_\_\_ миң сомду түздү.

Негизги каражаттардын баштапкы наркы \_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Негизги каражаттардын эскирүү суммасы \_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Негизги каражаттардын калдык наркы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом.

Техникалык абалын эске алуу менен негизги каражаттарга кыскача мүнөздөмө:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

ж.б.

Комиссиянын корутундусу: Тиркеме: 1. Инвентаризация акты \_\_\_\_ барак.

2. Паспорт (чийме)

3. ж.б.

Комиссиянын төрагасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу) (Ф.А.А.)

Комиссиянын мүчөлөрү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу) (Ф.А.А.)

Мүлк комплекси \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (обьекттин аталышы)

Өткөрдү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу) (Ф.А.А.)

Кабыл алды: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу) (Ф.А.А.)
