Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтому менен бекитилди
Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ
1. Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине өткөрүп бери-
лүүчү обьекттердин тизмеси шаардын аймагында турган обьекттерди паспор- тоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине обьекттерди
Өткөрүп берүүнү б ийликтин жергиликтүү органдарынын буйругу менен дайындалуучу жана компетенциясына социалдык чөйрөнүн маселелери кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары же- тектөөчү комиссия ишке ашырат. Комиссиянын курамына Кыргыз Республика- сынын Маммүлк фондунун айиактык органдарынын, обьектти берүүчү бийлик- тин жергиликтүү органдарынын жана кайсы ведомствого таандык экендигине жараша анын жогорку уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле кабыл алуучу тараптан ыйгарым укук берилген жак кирет.
3. Комиссиянын ишине өткөрүлүп берилүүчү обьекттин мүлк комплекси-
нин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартуучу жана материалдык баалуулук- тарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү өз кол тамгасы менен ырастоочу кызмат адамдары түздөн-түз катышат.
4. Комиссия районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине
обьекттерди өткөрүп берүү боюнча ишти аларды өткөрүп берүү жөнүндө че- чии кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен бүткөрүүгө тийиш.
5. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча негизги жана жүгүртүү кара-
жаттарын инвентаризациялоо материалдарынын негизинде үч нускада кабыл алуу – өткөрүп берүү акты түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Маимүлк фондунун аймактык органына, бийликтин жергиликтүү органына жана өткөрүп берилүүчү обьектке бир нускадан берилет.
6. Обьектти кабыл алуу жана өткөрүп берүү боюнча иш бүткөндөн
кийин бул обьект менчигине өткөрүп берилүүчү бийликтин жергиликтүү органы бекитүүчү жаңы чарба жүргүзүүчү субьект үчүн киришүү балансы (№ 2 форма) түзүлөт.
7. Районго караштуу шаарлардын коммуналдык менчигине өткөрүлүп
берилген обьектке банкта өз эсеби бар, өз алдынча юридикалык жак катары өзүнүн ишмердигин жүзөгө ашыруу укугу берилиши мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын Маммүлк фондунун аймактык органдары
обьект өткөрүлүп берилгенден кийин ошол обьект боюнча комиссия ишин бүткөн мезгилдеги абалы боюнча негизги жана жүгүртүү каражаттарын кабыл алуу өткөрүп берүү актын бекитет.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 23-июнундагы
"Кыргыз Республикасында районго караштуу шаарларда жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруу жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республи- касынын районго караштуу шаарларында жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө жобого ылайык районго караштуу шаар- лардын коммуналдык менчигине берилген обьекттердин ишмердигин финансы- лоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык бирикмеге бекитип берилген шаардын бюджетине түшүүчү кирешелердин булактарынан жана башка булактардан жүргүзүлөт.
№ 1 форма
БЕКИТЕМИН:
____________________ (аймактык маммүлк ____________Төрагасы фондунун) 1998-жылдын "___"_______
_____________________________________ (обьекттин аталышы, жайгашкан орду)
негизги жана жүгүртүү каражаттарын кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫ
__________________________________ 1998-жылдын "__" ____________ № _____ буйругунун негизинде ___________________ менчигине кабыл алынуучу (өтхөрүп берилүүчү) _____________ мүлк комплексине кирүү- чү негизги жана жүгүртүү каражаттарына инвентаризация жүргүзүлдү. ____________ мүлк комплексин кабыл алуу - өткөрүп берүү мезгилинде инвентаризация актына ылайык ___________ миң сомду, анын ичинде негизги каражаттар ___________ миң сомду, жүгүртүү каражаттары ______ миң сомду түздү.
Негизги каражаттардын баштапкы наркы ________ миң сом. Негизги каражаттардын эскирүү суммасы _______ миң сом. Негизги каражаттардын калдык наркы __________ миң сом.
Техникалык абалын эске алуу менен негизги каражаттарга кыскача мүнөздөмө:
1. _______________________________________________________________
2. _______________________________________________________________
3. _______________________________________________________________
ж.б.
Комиссиянын корутундусу: Тиркеме: 1. Инвентаризация акты ____ барак.
2. Паспорт (чийме)
3. ж.б.
Комиссиянын төрагасы ______________________ ______________________ (колу) (Ф.А.А.)
Комиссиянын мүчөлөрү ______________________ ______________________ (колу) (Ф.А.А.)
Мүлк комплекси ___________________________________________________ (обьекттин аталышы)
Өткөрдү: __________________________________ ______________________ (колу) (Ф.А.А.)
Кабыл алды: ___________________________ __________________________ (колу) (Ф.А.А.)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Обьекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар…Постановление · 16.12.1998 · № 827
- Указ Президента КР от 23 июня 1998 года УП №200 "Об организации местного самоуправления в городах районного подчинения Кыргызской Республики"Указ · 23.06.1998 · № 200 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение об основах организации местного самоуправления в городах районного подчинения Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 23 июня 1998…Положение · 23.06.1998 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 октября 1998 года №673 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 8 декабря 1997 года №716 "Об утверждении…Постановление · 16.10.1998 · № 673 · Күчүн жоготкон