# КР Президентинин 2011-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5215/edition/391459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 174 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы (14.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61062

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 14-июлу ПЖ № 174 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы N 229 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулсун:

- Жалал-Абад облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Айжигитов Арстанбай Абдрашитовичтин;

- Талас облустук сотунун судьясы Айтымбетов Мелис Жамадиловичтин;

- Жалал-Абад облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы Алаев Мухамед Абдивалиевичтин;

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Жаркеева Эльвира Сагыналиевнанын;

- Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Каримова Рахат Абдылдаевнанын;

- Чүй облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Качкыналиева Динара Шахтербековнанын;

- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Кожомкулов Рамазан Буркановичтин;

- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Козуев Абдраим Мирзааматовичтин;

- Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы Кулманбетов Түгөлбай Казырбековичтин;

- Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Нурунбетов Жыргалбек Балтагуловичтин;

- Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Рыскулова Аида Бекеновнанын;

- Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасы Султанов Кушчубай Култаевичтин;

- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы Сыдыков Аскат Шаршековичтин;

- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы Турдукожоев Дөөлөтбек Тентимишовичтин;

- Талас облусунун Талас райондук сотунун төрагасы Узакбаева Жакшыгүл Аскарбековнанын;

- Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Шайзындаев Арстанбек Аскарбековичтин;

- Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Эркебаев Адилет Маматеминовичтин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
