Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 174 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 14-июлу ПЖ № 174 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы N 229 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Жалал-Абад облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Айжигитов Арстанбай Абдрашитовичтин;
- Талас облустук сотунун судьясы Айтымбетов Мелис Жамадиловичтин;
- Жалал-Абад облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы Алаев Мухамед Абдивалиевичтин;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Жаркеева Эльвира Сагыналиевнанын;
- Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Каримова Рахат Абдылдаевнанын;
- Чүй облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Качкыналиева Динара Шахтербековнанын;
- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Кожомкулов Рамазан Буркановичтин;
- Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Козуев Абдраим Мирзааматовичтин;
- Талас облусунун Талас райондук сотунун судьясы Кулманбетов Түгөлбай Казырбековичтин;
- Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун судьясы Нурунбетов Жыргалбек Балтагуловичтин;
- Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Рыскулова Аида Бекеновнанын;
- Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасы Султанов Кушчубай Култаевичтин;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы Сыдыков Аскат Шаршековичтин;
- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы Турдукожоев Дөөлөтбек Тентимишовичтин;
- Талас облусунун Талас райондук сотунун төрагасы Узакбаева Жакшыгүл Аскарбековнанын;
- Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Шайзындаев Арстанбек Аскарбековичтин;
- Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Эркебаев Адилет Маматеминовичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 229 "А.А.Айжигитов, М.Ж.Айтымбетов, М.А.Алаев жана башкалар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.07.2004 · № 229
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон