# КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5184/edition/437561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы (16.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 16-июну ПЖ № 139 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Жарлыгынын 3-7-пункттары, 8-пунктунун экинчи-жыйырма алтынчы, жыйырма сегизинчи абзацтары, 9-11-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-июлундагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-августундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
