# КР Президентинин 2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5179/edition/391128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 133 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгы (03.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61026

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 3-июну ПЖ № 133 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Мурда кабыл алынган чечимдерди колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
