# КР Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5172/edition/613322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгы (03.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61019

---

КР Президентинин 2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 27-майы ПЖ № 126 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө (КР Президентинин2012-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жогорку командалык курамдын адамдары ээлеген орундарынын тиркелген Тизмеси бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 5-августундагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын алдында Штабын түзүү жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы № 126 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жогорку

командалык курамдын адамдары ээлеген кызмат орундарынын

ТИЗМЕСИ

(КР Президентинин 2012-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

| NN 1 | Кызмат орундарынын аталыштары Кыргыз Республикасынын коргоо министри | Саны 1 |
| --- | --- | --- |
| 2 | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын зардалы |  |
| 3 | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары | 1 |
| 4 | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары | 2 |
| 5 | Түштүк-Батыш региондук командачылыгынын (тобунун) кол башчысы | 1 |
| 6 | Башкы башкармалыктын зардалы | 4 |
| 7 | Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы | 1 |
| 8 | Дивизиянын командири | 1 |
| 9 | Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Ү.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун зардалы | 1 |
| 10 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин кол башчысы | 1 |
| 11 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабдын зардалы | 1 |
| 12 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары | 3 |
