# КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/61006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5159/edition/872370/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/61006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгы (13.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/61006

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 13-майы ПЖ № 111 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө (КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 43, 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ № 246, 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157, 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82, 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердигин өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.

(КР Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык) (КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 43 , 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 8-ноябрындагы ПЖ № 246 , 2013-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 157, 2017-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 82 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

3. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

Р. Отунбаева
