# КР Президентинин 2011-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2011
- Редакциянын күнү: 28.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5153/edition/356365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 104 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы (28.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60999

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 28-апрели ПЖ № 104 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинде улуу муундун кыйла кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы № 53 "Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- согуштун, эмгектин жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жусубалиев Ильяс Жусубалиевич жана коомдук ишмер Сыдыков Батыралы жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Курманжан Датка Жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин курамына киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
