# КР Президентинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 98 "Ж.Д.Бекназаров жана С.Камбаралиев жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 98 "Ж.Д.Бекназаров жана С.Камбаралиев жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5148/edition/390189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 98 "Ж.Д.Бекназаров жана С.Камбаралиев жөнүндө" жарлыгы (20.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60993

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 20-апрели ПЖ № 98

Ж.Д.Бекназаров жана С.Камбаралиев жөнүндө

2010-жылы 27-июнда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституция Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр которулсун:

- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Бекназаров Жаныбек Денисбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Камбаралиев Сатарали мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасынын кызмат ордуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
