# КР Президентинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 94 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 94 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5144/edition/390181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 94 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыгы (20.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60989

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 20-апрели ПЖ № 94 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 129 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 8-апрелинен баштап токтотулсун:

- Баткен облустук сотунун судьясы Абдилатов Акимдин;

- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Аданбаев Максут Аданбаевичтин;

- Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Джумашов Кабылбек Огонбаевичтин;

- Чүй облусунун Чүй райондук сотунун төрагасы Джунушалиев Залкарбек Сулайманкуловичтин;

- Ош шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Бекчанова Кымбат Айнакуловнанын;

- Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Ибраимов Молдозак Исмаиловичтин;

- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Иманкулов Эркин Тургуновичтин;

- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Баткен облустук сотунун судьясы Карабаев Сооронбай Уркунбаевичтин;

- Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы Калилов Аязбек Эсентаевичтин;

- Чүй облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Курманов Ашырбек Такишовичтин;

- Ош облустук сотунун судьясы Маматалиев Калдар Саттаровичтин;

- Чүй облустук сотунун судьясы Орокбаев Калмураттын;

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Таштанбеков Сагынбек Рысбековичтин;

- Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьясы Тойгонбаев Асанбек Рафиковичтин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 87 Жарлыгы менен кызмат ордунан четтетилген Бишкек шаардык сотунун судьясы Токсобаева Анаркуль Калыковнанын;

- Чүй облустук сотунун судьясы Туйбаев Курманбек Арзыкуловичтин;

- Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Султанбеков Кеңешбектин;

- Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун төрагасы Чокоев Медетбек Шалпыковичтин.

2. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
