Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 94 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 20-апрели ПЖ № 94 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 129 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 8-апрелинен баштап токтотулсун:
- Баткен облустук сотунун судьясы Абдилатов Акимдин;
- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Аданбаев Максут Аданбаевичтин;
- Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Джумашов Кабылбек Огонбаевичтин;
- Чүй облусунун Чүй райондук сотунун төрагасы Джунушалиев Залкарбек Сулайманкуловичтин;
- Ош шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Бекчанова Кымбат Айнакуловнанын;
- Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Ибраимов Молдозак Исмаиловичтин;
- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Иманкулов Эркин Тургуновичтин;
- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Баткен облустук сотунун судьясы Карабаев Сооронбай Уркунбаевичтин;
- Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы Калилов Аязбек Эсентаевичтин;
- Чүй облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Курманов Ашырбек Такишовичтин;
- Ош облустук сотунун судьясы Маматалиев Калдар Саттаровичтин;
- Чүй облустук сотунун судьясы Орокбаев Калмураттын;
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Таштанбеков Сагынбек Рысбековичтин;
- Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьясы Тойгонбаев Асанбек Рафиковичтин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 87 Жарлыгы менен кызмат ордунан четтетилген Бишкек шаардык сотунун судьясы Токсобаева Анаркуль Калыковнанын;
- Чүй облустук сотунун судьясы Туйбаев Курманбек Арзыкуловичтин;
- Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы Султанбеков Кеңешбектин;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун төрагасы Чокоев Медетбек Шалпыковичтин.
2. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР от 8 апреля 2004 года УП № 129 "Об Абдилатове А., Абдыкадырове К. Ы. и др."Указ · 08.04.2004 · № 129
- КР Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 87 "А.К.Токсобаева жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.02.2008 · № 87
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон