# КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5127/edition/489377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" жарлыгы (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60970

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 31-марты ПЖ № 70 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу (КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августтагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик кызмат органдары" бөлүмүнүн III тобунун алтынчы сабы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 Жарлыгына тиркеме

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
