# КР Президентинин 2011-жылдын 28-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 28-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5124/edition/831031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60967.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 28-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө"жарлыгы (30.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60967

---

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 309 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 28-марты ПЖ № 67 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруу жана ишин аныктоо жана аны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык курамда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңештин

КУРАМЫ

Алымбеков Эркинбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; Жумабаевич

Осмоналиев Камил - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы; Турдубекович

Мамыров Эркинбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тобокелович укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Шайдиева Динара - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жапаркуловна статс-катчысы;

Керезбеков Канат - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору; Керезбекович

Майчиев Шамарал - "Улуттук юридикалык корпорация" жоопкерчилиги Юсупович чектелген коомдун директору, адвокат;

Бахаутдинов Мухтар - жеке адвокат; Маметханович

Камчиева Дилбар - Ош облусунун Ноокат райондук юридикалык консультациясынын Тешебаевна башчысы, адвокат;

Кожомова Гүлниза - "Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын адвокаттар Кожомовна коллегиясы" коомдук бирикмесинин Башкармасынын төрайымы, адвокат.
