# КР Президентинин 2011-жылдын 10-февралындагы ПЖ №31 "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 10-февралындагы ПЖ №31 "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60936>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5098/edition/355744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60936.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 10-февралындагы ПЖ №31 "Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60936

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 10-февралы ПЖ №31 Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык округунун кеңешинин, Алай районундагы Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык округдарынын кеңештеринин, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Ноокат районундагы Н.Исанов, Көк-Бел айылдык округдарынын кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык округунун кеңешинин, Алай районундагы Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык округдарынын кеңештеринин, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Ноокат районундагы Н.Исанов, Көк-Бел айылдык округдарынын кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр айылдык округдарынын кеңештеринин, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык округдарынын кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансы каражаттарын бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун, Баткен облусунун Баткен районунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
