# КР Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы ПЖ №23 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы ПЖ №23 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5092/edition/386705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы ПЖ №23 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" жарлыгы (19.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60929

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 28-январы ПЖ №23 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, ошондой эле терроризмге каршы туруу жагында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору түзүлсүн.

2. (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборун финансылоо маселесин чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
