Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №23 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 28-январы ПЖ №23 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, ошондой эле терроризмге каршы туруу жагында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборун финансылоо маселесин чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 19.03.2013 · № 53
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" Жобо (КР Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы №23 Жарлыгы менен бекитилген)Положение · 28.01.2011 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2013-жылдын 19-мартындагы ПЖ №53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 19.03.2013 · № 53
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1362-XII · Күчүн жоготкон
- Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.11.2006 · № 178 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.04.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон