# КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60923>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5086/edition/870507/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60923.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60923

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 21-январы ПЖ № 15 Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181, 2011-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 261, 2012-жылдын 20-январрындагы ПЖ № 9, 2012-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 48, 2018-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 79 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардын укуктук абалын аныктоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган органдар катары аныктоо менен төмөнкү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагынан чыгарылсын:

- Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын баңги заттарга контролдук кылуу боюнча мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматы;

- (алтынчы абзац КР Президентинин 2012-жылдын 20-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы;

- Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институту;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

- Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы.

(КР Президентинин 2012-жылдын 20-январындагы ПЖ № 9, 2012-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 48 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2. Төмөнкү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында кала тургандыгы аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы;

- Банктарды жоюу боюнча агенттик;

- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы.

(КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181, 2011-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 261, 2012-жылдын 20-январындагы ПЖ № 9, 2018-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 79 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Жарлыгынын 1- жана 2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын администрациялык ведомстволору жөнүндө" Жарлыгынын 1- жана 2-пункттары.

5. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
