# КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ №8 "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ №8 "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5081/edition/375669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ №8 "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" жарлыгы (15.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60916

---

КР Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ № 240 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2011-жылдын 18-январы ПЖ № 8 Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө "Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча чараларды үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тиркелген тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө Жобо бекитилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-июлундагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 171 Жарлыгы.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы № 8 Жарлыгынын тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин КУРАМЫ Отунбаева Роза - Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Исаковна Республикасынын Коргоо кеңешинин төрагасы; Келдибеков Ахматбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Келдибекович Төрагасы; Атамбаев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Шаршенович Каптагаев Эмилбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Саламатович Аппаратынын Жетекчиси; Атаханов Шамиль - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- Есенжанович министри - Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин катчысы; Табалдиев Бусурманкул - Кыргыз Республикасынын Президентинин Беркутович Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары; Байболов Кубатбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Калбекович милдетин аткаруучу; Казакбаев Руслан - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Айтбаевич министри; Кудайбердиев Абибилла - Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Алымович Рысалиев Зарылбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер Кылычбекович министри; Имашев Чоробек - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Имашевич Борбиев Болотбек - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Ибраимович министри; Дүшебаев Кеңешбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Асанбекович мамлекеттик комитетинин төрагасы.
