# КР Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №378 "2011-жылды - Курманжан Датка Жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №378 "2011-жылды - Курманжан Датка Жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-5054/edition/438300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60886.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №378 "2011-жылды - Курманжан Датка Жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгы (29.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60886

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 29-декабры ПЖ № 378 2011-жылды - Курманжан Датка Жылы деп жарыялоо жөнүндө Тарыхый инсан Курманжан Датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого жана чыңдоого кошкон эң көрүнүктүү салымын жана Россия жана Борбордук Азия районунун мамлекеттери менен достук мамилени орнотуудагы анын тарыхый ролун эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын сактоо, байытуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2011-жыл - Курманжан Датка Жылы деп жарыялансын.

2. (К Р Президентинин 2011-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 53 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
