# КР Президентинин 2010-жылдын 8-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 8-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 300
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4981/edition/445948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 8-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60808

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 8-декабры ПЖ № 300 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "КG" улуттук домен аталышын башкаруу боюнча функцияларды өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 192 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "КG" домендик аймагын башкаруу борбору" мамлекеттик мекемесин мыйзамда белгиленген тартипте жойсун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
