Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин 2010 -жылдын 30-ноябрындагы № 293 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы „Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 2 октября 2015 года УП № 189 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-10-02.
КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 30-ноябры ПЖ № 293 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Отун-энергетика комплексин башкаруу жана жөнгө салуу процессине ачыктык жана коомдук талкуулоо принциптерин киргизүү жаатындагы мыйзамдарды өркүкдөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- бир тараптан коомдук уюмдардын жана экинчи тараптан мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өкүлдөрүнүн мүчөлүгүнүн бирдей катышууларын сактоо менен, Кыргыз Ресггубликасынын Энергетика министрлигинин алдындагы ОЭКАД боюнча Байкоочулар кеңешинин (мындан ары - Байкоочулар кеңеши) курамынын;".
2. Байкоочулар кеңешин жетектөөнү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн тобунан жана мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өкүлдөрүнүн тобунан бирден эки тең төрага жүргүзөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 02.10.2015 · № 189
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.07.2010 · № 49 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 02.10.2015 · № 189
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.07.2010 · № 49 · Күчүн жоготкон