# КР Президентинин 2010-жылдын 23-ноябрындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 23-ноябрындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 291
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4974/edition/1124737/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 23-ноябрындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60801

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 23-ноябры ПЖ № 291 Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик мамлекеттик кызматтын уланмалуулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын сот органдарындагы мамлекеттик кызматчылардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлсүн;

2. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү ушул мамлекеттик орган үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директорунун орун басарынын кызмат ордунун эсебинен жүргүзүлсүн;

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин статс-катчысынын ваканттык кызмат ордуна конкурстук тандоону белгиленген тартипте уюштурсун.

4. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Сот департаменти өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
