# КР Өкмөтунүн токтому 1998-жылдын 7-декабры № 802 "Ысык-Көл областынын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтунүн токтому 1998-жылдын 7-декабры № 802 "Ысык-Көл областынын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 802
- Кабыл алынган күнү: 07.12.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-766/edition/290574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтунүн токтому 1998-жылдын 7-декабры № 802 "Ысык-Көл областынын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6078

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 7-декабры № 802

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ысык-Көл областынын 1999-2000-жылдарга

социалдык-экономикалык өнүктүрүү

программасы жөнүндө

Ысык-Көл областын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пробле-

масын чечүүнүн, анын потенциалын толук пайдалануунун, экономиканы

өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун, рыноктук кайра түзүү

процессинде бекем старттык шарт түзүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошон-

дой эле туруктуу жана ырааттуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишүү,

калктын жашоо дењгээлин жогорулатуу жана Ысык-Көл областынын айрым ра-

йондорунун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн тењештирүү максаттарында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ысык-Көл областын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн тиркелген программасы жактырылсын.

2. Ушул токтом менен жактырылган Программаны ишке ашыруу боюнча

иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.

3. Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы, министрликтер,

мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик кон-

церндер, акционердик компаниялар, корпорациялар, коомдор, бирикмелер:

- Ысык-Көл областын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн программасын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

- Ысык-Көл областын 1999-2000-жылдарга социалдык-экономикалык

өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруунун

жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын маалымат

берип турушсун.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республика-

сынын Вице-премьер-министри Б.И.Силаевге жүктөлсүн.

Премьер-министри К.Жумалиев
