# КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4944/edition/775782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" жарлыгы (30.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60770

---

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 25-октябры ПЖ № 257 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

Коррупциялык көрүнүштөрдү туудуруучу шарттардын алдын алууга багытталган мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги", "агенттиги" деген сөздөр "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген тиешелүү жөндөмөлөр менен алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "(мындан ары - Агенттик)" деген сөз алып салынсын;

- 24-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"24. Аттестация өткөрүүдө төмөнкүлөр пайдаланылат:

- аларды ээлөө үчүн коррупциялык көрүнүштөргө туруктуулуктун жүйөсүнө жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген талаптарга жана чектөөлөргө ылайык тест жүргүзүүнүн бул түрүнөн өтүү талап кылынган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларга карата мыйзамдар менен белгиленген тартипте полиграфта тесттен өткөрүү;

- улук, башкы жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларга карата инсандык сапаттарды (башкаруу көндүмдөрү, көрө билүү стратегиясы, командада иштей билүү, чатактуулуктун даражасы, лидерлик сапаттар, талдоо жөндөмдүүлүгү жана башкалар) аныктоо үчүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин чечими боюнча тесттен өткөрүү.

Полиграфта тесттен өткөрүүнүн жана инсандык сапаттарды аныктоо үчүн тесттен өткөрүүнүн натыйжалары аттестациялык-сынактык комиссия тарабынан чечим кабыл алууда эске алынат.".

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

Р.Отунбаева
