# КР Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнчамамлекеттик комиссиясы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнчамамлекеттик комиссиясы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 240
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4930/edition/861867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнчамамлекеттик комиссиясы жөнүндө" жарлыгы (24.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60756

---

КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 187 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ УКАЗ 2010-жылдын 12-октябры ПЖ № 240 Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнчамамлекеттик комиссиясы жөнүндө "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жооптуу секретары.

Комиссия мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү.
