# КР Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4917/edition/437171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60742

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 1-октябры ПЖ № 222 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө (КР Президентинин

2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250, 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 119 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)

Кесиптик жогорку даярдыктагы кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу жана кармап калуу, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларды материалдык жактан коргоо максаттарында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.

2. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө Жобо - 1-тиркемеге ылайык;

- Фонддун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо - 1-тиркемеге ылайык.

3. Байкоочу кеңештин ишин усулдук, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлсүн.

4. Фонддун каражаттарын пайдалануу Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылары аныкталсын.

5. (КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

7. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчисине жүктөлсүн.

8. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
