# КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери"

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4902/edition/491800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери" (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60727

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 27-сентябры ПЖ № 204 Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-августтагы № 131 Жарлыгынын жоболорун өнүктүрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин укук мураскору болуп саналары белгиленсин.

2. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо органынын Тартиптик уставы;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкаруу түзүмү жана түзмөгү.

3. Күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 17-июнундагы № 182 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинде кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 11-январындагы № 6 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгына "Өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-сентябрындагы № 342 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигинин Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгына "Өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 404 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук Агенттигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына "Өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-январындагы № 8 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы № 385 Жарлыгы.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо, коопсуздук жана укук тартип бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 жарлыгы менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы СТРУКТУРАСЫ

```text
┌──────────────────┐
┌─────────────────┤ Төрага │
```

V └─────────┬────────┘

| ┌───────────────┐ Коллегиясы └───────────────┘ |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Төраганын биринчи орун басары - түштүк башкарма- лыктын начальниги └─────────────────┘└───────────┘└────────────┘└───────────┘ ┌─────────────────┐┌───────────┐┌────────────┐┌───────────┐ Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында жайгашкан БКМК бөлүмчөлөрүнүн ишин тескейт, Кыргыз Республикасынын БКМК түштүк башкармалыгынын ишин уюштурат | Финан- сы-чарба- | Төраганын орун басары БКМКнын оператив- дик-тергөө жана эксперт- тик-крими- налисттик бөлүмчөлө- рүнүн ишин тескейт |  | Төраганын орун басары БКМКнын коопсуздук маселелерин, жана баңги- заттарды, психотроптук заттарды, прекурсор- лорду мыйзамдуу жүгүртүү боюнча, убактылуу кармоочу жайлардын иштерин тескөө |  | Төраганын кеңешчиси БКМКнын Төрагасынын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, эл аралык иштер жагындагы чечимдердин долбоор- лорун даярдайт | └──────────┘ ┌──────────┐ └──────────┘ ┌──────────┐ └──────────┘ ┌──────────┐ └──────────┘ | Аймактык бөлүмчөлөр лык бөлүмү Өздүк коопсуздук бөлүмү Кадрлар бөлүмү |

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 жарлыгы менен бекитилди

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкаруу түзмөгү

| +---------- | Борбордук аппараты +--------+ |
| --- | --- |

V V V

| Түштүк башкармалыгы |  | Чыгыш башкармалыгы |  | Мобилдик-оперативдик |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  | топ башкармалыгы |
