# КР Президентинин 2010-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4897/edition/1079794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (25.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60722

---

КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ N 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 20-сентябры ПЖ № 199 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, прокуратура органдарынын ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бирдей түрдө аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштин натыйжалуу уюштурулушуна өбөлгө түзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин санынын чеги" деген 2-тиркемесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

1031

анын ичинде:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбордук аппараты

158

аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөр

802

Аскердик прокуратуранын органдары

71

- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген 5-тиркемесинин эскертүүсүндө:

- эскертүүнүн бешинчи абзацындагы "Башкы прокурордун орун басарларынын бири Ош шаарында жайгашуу менен Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы прокуратура органдарынын ишин тескейт," деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын штаттык санын көбөйтүүгө байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 21-сентябрында № 86-87 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
