Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 199 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы „Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «УКАЗ ПРЕЗИДЕНТА КР от 25 августа 2011 года УП N 204 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-25.
КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ N 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 20-сентябры ПЖ № 199 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, прокуратура органдарынын ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бирдей түрдө аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштин натыйжалуу уюштурулушуна өбөлгө түзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин санынын чеги" деген 2-тиркемесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
1031
анын ичинде:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбордук аппараты
158
аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөр
802
Аскердик прокуратуранын органдары
71
- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген 5-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- эскертүүнүн бешинчи абзацындагы "Башкы прокурордун орун басарларынын бири Ош шаарында жайгашуу менен Кыргыз Республикасынын түштүк регионундагы прокуратура органдарынын ишин тескейт," деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын штаттык санын көбөйтүүгө байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 21-сентябрында № 86-87 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.08.2011 · № 204
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык…Указ · 14.12.2009 · № 573 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.08.2011 · № 204
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык…Указ · 14.12.2009 · № 573 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон