# КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60694>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4869/edition/1124730/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60694.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60694

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 9-сентябры ПЖ № 170 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы № 143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун үчүнчү абзацында "башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик органдардын статс-катчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктачу тартипте ведомстволор арасында ротациялоого жол берилет.";

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик органдын тармактык саясат маселеси боюнча функциялык милдеттерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча статс-катчыга тапшырууга болот;";

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Статс-катчы мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча төмөнкүлөрдү ишке ашыраары аныкталсын:

- кандидаттарды администрациялык мамлекеттик бош кызмат орундарга дайындайт;

- администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеп турган мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурат жана ротациялайт.";

- 9-пункттагы "кол коюлган" деген сөздөр "расмий жарыяланган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
