# КР Президентинин 2010-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60684>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4860/edition/386523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60684.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Жарлыгы (25.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60684

---

КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ N 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 3-сентябры ПЖ № 158 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин штаттык санын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдорун ремонттоо, куруу, күн сайын тейлөө жана күтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары тарабынан аткарылуучу иштердин сапатын жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:

- 8-пунктундагы "430" жана "345" деген цифралар тиешелүү түрдө "950" жана "865" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
