Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 146 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 27-августу ПЖ N 146 Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мамлекеттик кызматка заманбап жана коррупцияга чалдыкпаган кадрларды тартуу жана кабыл алуу, мамлекеттик органдарда коррупциялык кубулуштардын жаралуу себептерин жана шарттарын жоюу жана алдын алуу бөлүгүндө мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Төмөнкүлөрдө полиграфта тестирлөө системасын колдонууга киришилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык полиция кызматында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларын конкурстук тандоодо.
(КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Тиркелгендер бекитилсин:
- полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеси;
- полиграфта тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо.
4. Полиграфта тестирлөө системасы жогоруда аталган тизмеге ылайык, төмөнкү учурларда колдонулары белгиленсин:
- саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлерде (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте);
- бош администрациялык мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүүдө;
- (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик кызматкерлерди орун которуштурууда жана кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (мамлекеттик органдын жетекчисинин каалоосу боюнча).
5. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфты киргизүүнү жана борборлоштуруп колдонууну камсыз кылуу маселелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына кирери аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:
- (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызмат орундарынын тизмегин кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сунуштарды киргизүү менен, көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда полиграфта тестирлөө системасын киргизүүнүн, колдонуунун жүрүмүнө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жүзөгө ашырылсын;
- (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- полиграфты киргизүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент
Р. Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы ПЖ N 146 жарлыгы менен бекитилди
Полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ (КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик органдын жетекчиси; мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте).
2. Мамлекеттик органдын статс-катчысы.
3. Мамлекеттик органдын Аппарат жетекчиси.
4. Мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси.
5. (КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси.
7. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.
8. Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн жетекчиси.
9. Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн жетекчисинин орун басары.
10. Коррупциялык тобокелдикке туш болуу деңгээли кыйла жогору болгон мамлекеттик органдын мамлекеттик кызмат орундары.
Эскертүү: Ушул Тизменин негизинде мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча, мамлекеттик органдын уюмдаштыруу түзүмүнө ылайык, полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик кызмат орундарынын ички ведомстволук тизмесин бекитет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-октябрындагы № 120-р (Полиграф аппаратын сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 08.10.2010 · № 120-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-октябрындагы № 475-б (Полиграф аппараттарын сатып алуу) буйругуРаспоряжение · 07.10.2011 · № 475-р
- КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ № 9 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө тутумун…Указ · 18.01.2011 · № 9
- КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.07.2018 · № 150