Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 143 «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-24.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 23-августу ПЖ № 143 Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ N 17 Жарлыктарынын редакциясына ылайык) Мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун талдоо бул чөйрөдө орун алган тутумдук көйгөйлөрдүн көп экенин күбөлөйт. Алардын урунтуусу туруктуулук, улантуучулук жана мамлекеттик кызматтагы кесипкөйлүк принциптеринин сакталбаганы болуп саналат. Иш тажырыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик кызмат жагындагы колдонуудагы мыйзамдык негиздер көп жагынан мамлекеттик башкаруу тутумуна коюлган орчундуу талаптардан артта калууда. Заманбап шарттарда статс-катчылар институту өзүнүн бардык аракетин туруктуулукту, кесипкөй аппараттын алмашылбастыгын камсыз кылууга жана мамлекеттик органдардын иштерин уюштурууда стратегиялык мамилелерди өздөштүрүүгө багыттоосу тийиш. Мамлекеттик кызматтын туруктуулук жана кесипкөй улануучулук принциптерин ишке ашыруунун, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун зарылдыгына байланыштуу, мыйзамдык жөнгө салууга чейин токтом кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизги милдеттер менен бир катарда, төмөнкүлөр мамлекеттик органдын статс-катчысынын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп саналары аныкталсын:
- мамлекеттик органда бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу;
- мамлекеттик органдын иштерин стратегиялык пландаштыруу;
- мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун талдоо жана анын иштерин өркүндөтүү боюнча, анын ичинде мамлекеттик органдын стратегиялык максаттарына, милдеттерине жана ишмилдеттерине жараша мамлекеттик органдын түзүмү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматкерлердин иштеринин сапатынын мониторингин аныктоочу жана жетишилген жыйынтыктарды баалоочу тутумдарды киргизүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жетимдүүлүгүн арттыруу жүрүмдөрүн уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тийешелүү үлгүлөрүн иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдын ишин администрациялык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
- алдыңкы башкаруу технологияларын: стратегиялык менеджмент, электрондук документ жүгүртүү жана электрондук өкмөттү өздөштүрүү.
(КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Статс-катчынын кызмат орду укуктук статусу боюнча анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басырыныкына теңдеш.
Мамлекеттик органдардын статс-катчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктачу тартипте ведомстволор арасында ротациялоого жол берилет. (КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик органдын тармактык саясат маселеси боюнча функциялык милдеттерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча статс-катчыга тапшырууга болот;
- ал жогунда мамлекеттик органдын жетекчисинин милдеттерин аткаруу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын бирине жүктөлөт;
- мамлекеттик органда статс-катчынын бош кызмат орду пайда болгон учурда, анын кызматын убактылуу айкалыштырууга же статс-катчынын милдетин аткаруучуну дайындоого жол берилбейт.
(КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ N 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Статс-катчы институтунун жоопкерчилигин жогорулатуу максатында төмөнкүлөр каралсын:
- анын ишинин сапатынын мониторингинин, көлөмүнүн жана ачык-айкындыгынын, тийешелүү мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматкерлерин жана коомдук пикирди сурамжылоонун негизинде, маалыматтарды андан ары Мамлекеттик кызмат боюнча кеңешке берүү менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан статс-катчынын ишинин ар жылдык рейтингин аныктоо;
- Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын төмөнкүлөрдү демилгелөөсү:
анын ишине даттануулар түшкөн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ага шек келтирген маалыматтар жарыяланган учурларда статс-катчыга карата кызматтык текшерүүлөрдү; кызматтык иликтөө жүргүзүү мезгилинде, бирок эки жумадан көп эмес, статс-катчыны тийешелүү милдеттерин аткаруудан токтоосуз чететтүүнү;
- ага жүктөлгөн милдеттерди жана ишмилдеттерди талаптагыдай эмес ишке ашырганы үчүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин статс-катчыга карата тартипке чакыруу чараларын көрүүсү;
- анын ишинин ар жылдык рейтинги терс жыйынтыктарды берген учурда статс-катчыны ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин одоно же бир нече ирет бузган учурларда, жогорку жана башкы администрациялык, ошондой эле саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен, статс-катчыны ээлеген кызмат ордунан бошотуу.
6. Бош мамлекеттик кызмат орундарына талапкерлерди конкурстук тандоо жолжоболорунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, мамлекеттик органдардын аттестациялык-конкурстук комиссияларынын курамына жарандык коом институттарынын, эксперттик коомдоштуктун, тийешелүү тармактык багыттагы бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө кошулары белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган тийешелүү ченемдик укуктук актыларды даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
9. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №280 "2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна…Постановление · 18.11.2010 · № 280
- КР Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ № 170 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун…Указ · 09.09.2010 · № 170 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө"…Постановление · 18.11.2010 · № 284 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №330 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги…Постановление · 17.12.2010 · № 330 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция…Постановление · 22.03.2011 · № 111 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-апрелиндеги №200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт…Постановление · 30.04.2011 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-июнундагы №281 "«Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 110 «Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги…Постановление · 02.06.2011 · № 281 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна…Постановление · 08.04.2011 · № 145 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ №17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.01.2013 · № 17 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.