# КР Президентинин 2010-жылдын 19-августундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2010-жылдын 19-августундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-4843/edition/1079791/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2010-жылдын 19-августундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" жарлыгы (16.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60666

---

КР Президентинин 2011-жылдын 25-августундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 19-августу ПЖ № 139 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоону үзгүлтүккө учуратуу коркунучун алдын алуу, колдонуудагы пенсиялык системага топтомо элементин киргизүүдө камсыздандыруу принциптерин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун финансылык туруктуулугун сактоо максатында токтом кылам:

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн администрациялоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү боюнча иш-чарлардын тиркелген планы бекитилсин.

2. (КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-тиркеменин 7-сабында:

"1326" деген цифралар "1373" деген цифралар менен алмаштырылсын; "172" деген цифралар "157" цифралар менен алмаштырылсын; "1154" деген цифралар "1216" деген цифралар менен алмаштырылсын.

- 5-тиркемеде:

3-сап ", Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр менен толукталсын; 4-саптагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду," деген сөздөр алып салынсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
